Мордовиянын Сосновка кыштагындагы колонияда жазасын өтөп жаткан тажикстандык 70тей киши түрмө кызматкерлеринин кордугуна чыдабай, ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу «Ахбор» порталы алардын туугандарына шилтеме кылып билдирди.
Соттолуучунун туугандарынын айтымында, февралда колонияга жаңы жетекчи дайындалгандан кийин ал жерде кармалгандарды жазалоо күч алган.
Акыркы беш айдан бери соттолуучулар эки жолу ачкачылык жарыялашты. Быйыл июнь айында ушул эле түрмөдө 60 киши өзүнө кол салган. Алар ур-токмоктун айынан ушундай кадамга барганын билдиришкен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ