3 жаштагы баланы машинасы менен мас абалында тепселеп кеткен айдоочуга наристенин ата-энеси доомат коюудан баш тартыптыр. Бул тууралуу бүгүн, б-ноябрда Бишкек ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, 3-ноябрда, саат 15:30 чамасында көп кабаттуу үйлөрдүн короосунун жанынан «Тойота Секвойя» үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу артка айдап, жаш баланы байкабай тепселеп кеткен. Наристе алган жаракатынан улам, Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө жеткирилип, ошол жактан каза болгон.
Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү документтер тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, тергөө иштери башталган. Наркологиялык экспертиза айдоочуну текшерип, мас абалында болгонун аныктаган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ