Menu

Фоторепортаж – Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 6-ноябрда, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Турдакун Усубалиев өлкөнү башкарган 1961-85–жылдар — Кыргызстандын тарыхында өчпөс тамгалар менен жазылып калган, «алтын доор» болгонун өзгөчө белгиледи. Кыргыз ССРинин экономикасында гана эмес, жалпы эле бардык чөйрөлөрүндө, мурда болуп көрбөгөн өсүп-өнүгүү орун алганын айтты.

Президент Турдакун Усубалиевдин кыргыз мамлекетинин өзгөчө доорунун, жарк этип, тез өнүккөн тарыхый мезгилинин лидери болгонун белгилеп, анын келишпес сынчылары да тереӊ билимин, мамлекеттик деӊгээлде ойлоно билген акыл-эсин, тереӊ тажрыйбасын, элим деп жашап өткөнүн тана алышпаганын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин өмүрү, мамлекеттик ишмердиги элдин эсинде ак барактай таза, чындык менен ширелишкен бойдон калганын, улутубуздун улуу инсаны — жыйырманчы кылымдагы эӊ ири мамлекеттик жана саясий жетекчилердин бири катары тарыхта каларын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевге койгон эстелигибиз да, эскерүүбүз да, анын жолун татыктуу улап кетүү менен өлчөнөрүн дагы бир жолу өзгөчө белгиледи.

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн салтанаттуу иш-чаранын алкагында театрлаштырылган пролог жана Турдакун Усубалиевдин эмгек жолу жана жетишкердиктери жөнүндө документалдуу тасма көрсөтүлдү.

Иш-чара концерттик программа менен аяктады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: