Menu

Лос-Анжелесте кыргыздар уюштурган кинофестиваль башталды

Бөлүшүү:

АКШнын атактуу Лос-Анжелес шаарында 5-Эл аралык Азия кинофестивалы ачылды. Ал биздин кинорежиссер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген. Калыстар тобунун төрайымы “Даңазалуу доор” сериалынын жылдызы Мерьем Узерли (Хюррем султан) эле. Бу жолу бизнесмен Шухрат Ибрагимов төрага болду.

Фестивалдын ачылыш салтанатына АКШда жашаган кыргыздар да барышты. Фестивалда “Оскар” сыйлыгына татыктуу азиялык тасмалар көрсөтүлмөкчү.

Жапониядан: “Ханари”, “Эски башкалаа”, “Кубанычтын жүзүмү”, “Сени менен шайкелеңдик”; Кабоджадан “Музыка өмүрү”; Казакстандан “Алтын такта”, “Жарык очогу”, “Лидердин сыры”; Өзбекстандан “Ысык нан” тасмалары катышат. Мындан тышкары Ирандын, Грузиянын, АКШнын, Пакистандын, Индонезиянын, Вьетнамдын, Орусиянын, Малайзиянын, Гонгонгдун, Палестинанын, Ливандын, Кытайдын, Түркиянын, Түштүк Кореянын, Ооганстандын, Сириянын жана Индиянын кинолору көрсөтүлмөкчү.

Кыргызстан эки тасманы көрсөтөт: “Аврора” (Бекзат Пирматов) жана “Дарак ыры” (Айбек Дайырбеков).

Фестивалда Кыргызстан Күнү болуп, ага карата Садык Шер-Нияздын “Курманжан Датка” тасмасы да көрсөтүлөт.
“Голден Глобус” кыска метраждуу конкурска жаш режиссерубуз Сүйүм Сүйүмалиевдин “Досум да, касым да” деген тасмасы катышат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: