Бүгүн, 7-ноябрь – . Маалымат жана басма сөз күнү, журналисттердин кесиптик майрамы.
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.
– Урматтуу журналисттер жана басма сөз кызматкерлери! Баарыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!
Жалпыга маалымдоо каражаттарысыз мамлекеттеги жана коомдогу өзгөрүүлөрдү элестетүү мүмкүн эмес. Өлкөнү өнүктүрүүгө жана кыргызстандыктардын бакубатчылыгын камсыз кылууга багытталган реформаларды ишке ашырууда сиздердин ролуңуздар зор.
Баарыңыздарга чың ден соолук жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ