8-9-ноябрда Азербайжан мамлекетинин Баку шаарында Бириккен күрөш уюму версиясындагы өтө турган дүйнө чемпионатына Кыргызстандан Грэпплинг боюнча жаштар арасындагы улуттук курама командасы катышат. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда КРдин Грэпплинг федерациясы журналисттерге билдирди.
Алардын айтымында, аталган чемпионатка 28 эркек жана бир кыз кеткен. Аларды машыктыруучулары менен кошо федерация жетекчилиги коштоп кеткен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ