Menu

Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча туристтик багыттагы 30 өлкөнүн ичинен 5-орунду ээледи

Бөлүшүү:

Travel Lemming туристтик порталы жыл сайын жаңыдан өнүгүп келе жаткан туристтик багыттарды аныктап, “Кийинки жылы кайсыл өлкөнү барып көрүш керек?” деп өз сунуштарын берип келет. Алар 12 миллоиндон ашык катталган кишилери бар атактуу блогерлердин сунуштарын да эске алышат. 2020-жылга карата төмөнкү өлкөлөрдү сунуш кылышкан:

Бу жолу биринчи орунду Грузия ээлеген. Бул өлкөнү “Сырдуу туристтик бермет” аташкан. Андан кийин Жаңы Шотландия, анан Кук аралдары менен Руанда турат. Бешинчи орунда – Кыргызстан.

“Кыргызстан – күтүлбөгөн окуяларга бай өлкө. Эгерде Кыргызстандын башка аталышы болсо, анда ал “Маданият” деп аталмак. Улуу Жибек жолунун салт-санаасы, үрп-адаты азыркы күнгө чейин сакталып калган. Жумалап тоолорду кыдырсаң, дал ошол маданиятка туш болосуңар. Бул дүйнөдөгү эң кооз өлкөлөрдүн бири”, – деп авторлор жазышкан. Сунуш кылган жерлери – Ат-башыдагы Кел-Суу көлү, “Ала-Арча” улуттук паркы, Көлдүн Терскей-Алатоосундагы бийик тоолуу Ала-Көл көлү жана Чүйдөгү Бурана.

Кийнки сунуш кылынган 5 өлкө: Эквадор, Швециядагы Гетеборг шаары, Манитобдогу Черчилль, Доминика жана Өзбекстан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: