Menu

Самаркандда өзбек жана түрк жумушчулары мушташты

Бөлүшүү:

6-ноябрда Самарканд шаарындагы курулуш аянттарынын биринде жапырт мушташ болду.

Ал жерде тартылган видеодон жүздөгөн адам азыраак кишиден турган топту кубалап, беркилер курулуп бүтүп калган көп кабаттуу үйгө качып кирип жатышканын көрүүгө болот.

Окуянын күбөсү түрк жумушчулары өзбек жарандары тарабынан сабалганын билдирди. Анын айтымында, жумушчулардын ортосундагы мушташ эртең менен эрте башталып, күндүзгү саат үчкө чейин созулган.

Өзүн аталган курулуш аянтында иш жүргүзгөн Agromir Buildings компаниясынын кызматкери деп тааныштырган адам бул маалыматты ырастады.

– Мен жумушка кечирээк келдим. Бул жактагылар жергиликтүү жумушчулар Түркиядан келген жумушчуларды сабап койгонун айтышты. Каза болгондор жок, бирок катуу жаракат алгандар бар, — деди ал.

Мушташтын чыгышына түрк жараны ашканада иштеген жергиликтүү келиндердин бирин зордуктаганы себеп болгону айтылууда. Башка версияга ылайык, өзбек жумушчулары түрк жумушчуларына караганда кыйла аз айлык алып жатканына нааразылык билдирип чыгышкан.

– Менин пикиримде, экинчи версия туура. Анткени Agromir Buildings компаниясы түрк жумушчуларына 1000 доллардан, жергиликтүүлөргө 100 доллардан айлык төлөйт. Мушташ ушундай адилетсиздиктен улам келип чыккан деп ойлойм, — деди жергиликтүү жумушчулардын бири.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: