Мас болуп алып чыр чыгарган эки кыздын айынан самолет өз убагында учпай, каттам бир сааттан ашык убакыт кармалды. Бул тууралуу эл аралык «Манас» аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Алардын айтымында, кечээ, 7-октябрда, эл аралык “Манас” аба майданында Pegasus компаниясынын 701-каттамынын авиалайнери учууга даярданып жаткан убакта командир учактар конгон аянтка кайтууну суранып, самолётто чыр салган эки кызды түшүрүү керектигин айткан.
Кыздарды лайнерден чыгарып, милициянын күзөт бөлүмүнө алып барышкан. Ал жактан кыздардын мас экендиги аныкталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ