Түркия кыргызстандык кыз-келиндер тобун депортациялады. Бул тууралуу мамлекеттик «Анадолу» кабар агенттиги маалымдады.
Түркиянын Артвин аймагында полиция «сойкулук» беренеси боюнча 33 чет өлкөлүктү кармаганы жана аларды мекенине жөнөткөнү жазылган. Алардын төртөө кыргызстандыктар. Кармалган 33 шектүүнүн 12синде жугуштуу оору бар экени аныкталды. Артвин аймактык саламаттык сактоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, 2018-жылы 261 чет өлкөлүк кыз-келин «сойкулук» беренеси менен медициналык текшерүүдөн өтүп, депортацияланган.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ