Menu

Кинорежиссер Мирлан Абдыкалыковдун «Жөө күлүк» аттуу тасмасы эл аралык кинофестивалда көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

Ушул тапта Беларус мамлекетиндеги Минск шаарында эл аралык «Листопад» кинофестивалы  өтүүдө. Ал 1-ноябрда башталган, бүгүн,  8-ноябрда жыйынтыкталат. Аталган кинофестивалга режиссер Мирлан Абдыкалыков барып, «Жөө күлүк» аттуу киносу менен конкурска катышып, ал көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларустагы элчилиги билдирди.

Алардын маалыматына караганда, аталган фестивалда 50 мамлекеттен 154 кино көрсөтүлүп, конкурска 12 фильм катышкан. Алардын бири – «Жөө күлүк» тасмасы. Режиссер үй-бүлөнү сактоого жан үрөгөн Жекшен аттуу баланын баяны аркылуу ата-энесиз калып, оор турмушка кабылган жаш балдардын көйгөйүн тарткан.

Эске сала кетсек, “Жөө күлүк” тасмасы “Ой Арт”, “Кыргызфильм” киностудиялары жана “Билимкана” мектеби тарабынан Кинематография департаментинин колдоосу менен тартылган. Тасманын сценарийи Мирлан Абдыкалыков жана Эрнест Абдыжапаровго таандык. «Жөө күлүк» тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтүп, кино сынчылардын ФИПРЕССИ сыйлыгына ээ болгон. Буга чейин Мирлан Абдыкалыков тарткан «Сүтак» тасмасы эл аралык Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн.

37 жаштагы Мирлан Абдыкалыков белгилүү кинорежиссер Актан Абдыкалыковдун баласы. Ал атасы тарткан “Селкинчек”, “Бешкемпир”, “Маймыл” аттуу кинолорго тартылган. Өзүнүн кесиби журналист. Кыргыз Улуттук университеттин журналистика факультетин аяктаган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: