Menu

Бакыт Төрөбаев: “Келерки шайлоодо максат өтүш эмес, көп добуш менен келүү”

Бөлүшүү:

– Бакыт Эргешович, өзүңүздүн партияңыздын келерки шайлоодогу мүмкүнчүлүгүн кандай баалайсыз?

– Эми эч бир саясатчы «шансыбыз жок» деп айтпайт да. Биз эки ай мурда сурамжылоо өткөрдүк. Ошол сурамжылоодо үч партия элдин оозунда экени аныкталды. Үч партия тууралуу көп сөз болду. Алардын арасында «Өнүгүү-Прогресс» да бар. Сиздер бир нерсени туура түшүнүңүздөр, 13 мандат менен чындыгында биз берген убадаларыбызды элүү пайыз-дан ашык аткардык. Бирок 13 мандат менен толук кандуу реформа кыла албайт экенсиң. Эгер эл туура көрсө, негизи 65 мандатты бир партияга бериш керек. Беш жылгабы, төрт жылгабы, бир партияга реформа жасаганга укук берүү кажет. Бүгүнкү жашоо-турмуш өтө тез ылдымдыкта өзгөрүп жатпайбы. Андыктан, бизде ар күнү, ар саат өзгөрүүлөр болуп турууга тийиш. Баардык тамактарда: саламаттык сактоо, билим берүү системасында. Башкаруу системасында биз аябай артта калып кеттик. Келерки шайлоодо максат өтүш эмес, а көп добуш менен келүү.

2015-жылдары бизде айыл чарбаны, региондорду көтөрөлү (!) деген ой болчу. Азыр приоритеттер өзгөрдү. Мамлекеттик деңгээлдеги приоритеттерди коюп жатабыз. Билимдүү адам гана мыйзам жазып, реформа жасай алат.

– Анда сиз 9 пайыздык тосмону колдойт турбайсызбы?

– Бир-эки партия өткөнү деле болбойт. Төрт-беш партия келип, атаандаштык болуш керек. Көбүрөөк партия өтүп, жаңы адамдар келгени жакшы. Мен учурунда «беш пайыздык тосмодон өтө албаган партиялардын деле парламентте бирден-экиден өкүлү болсун» деп сунуштагам. Бирок, ал сунушум өтпөй калган.

– «Өнүгүү-Прогресс» кайсы бир партия менен тандем түзүшү керек болуп калса, кимдер менен түзөт элеңиздер?

– Азыр кайсы партия бар? КСДП ыдырады. «Республика – Ата Журт» экиге бөлүндү. Ошондукган, сүйлөшүүлөр партиялар менен эмес, личносттор менен болот го…

Аттокур Жумаев

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: