Чүй облусунун Кемин районунда соңку кездери карышкыр менен чөөлөрдүн малга кол салган учуру көбөйдү. 8-ноябрда жергиликтүү райадминистрация билдиргендей, алар атайын мергенчилерден турган топ түзүп, натыйжада 10 күндүн аралыгында 4 карышкыр жана 5 чөө атылып өлтүрүлгөн.
“Жай менен күздө райондо жырткычтар эки бээни, бир уйду, 10 баш койду жеп кеткен. Негизи эле жыл сайын карышкырдын саны көбөйүп барат. Жылда кышкысын жырткычтарды атабыз. Кеминдеги мергенчилерде атайын уруксат кагазы бар. Жергиликтүү тургундар аларды мезгил-мезгили менен чакырып турушат”, – деп айтылат маалыматта.
“Карышкырлар кайсыл короого кол салыш керектигин жакшы билишет. Мисалы, ири чарбаларга кол салбайт, тескерисинче, бир уй, бир ат болсо, түнкүсүн шимшилеп келип калышат. Арга жок мергенчилерди чакырабыз. Сары изине түшүп атып келишет. Карышкырлардын териси, тырмактары Бишкекте 10 миң сом турат”, – дешет жергиликтүү тургундар.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ