Menu

Кыргыздар, уккула! Германиянын Бундестагынын депутаты кыргыз элине эмне деп кайрылды?

Бөлүшүү:

Өткөн жуманын соңунда интернетте Бундестагдын депутаты, эң белгилүү европалык саясатчы, тышкы иштер жана адам укугу боюнча парламенттик комитеттин мүчөсү Вальдемар Гердт кыргызстандыктарга жасаган видеокайрылуусу жарык көрдү. Анда немис депутаты мындай деген:

“Тегин жерден шайтан үй-бүлөгө каршы жаман аракеттерин токтотпой келет, ал ар кандай теориялар, философиялар, ишенимдер аркылуу үй-бүлө институтун талкалоого кызыкдар. Бир кезде чоң атам айтты эле: “Бир элди жок кылуу үчүн ар-намысын тебелеп, үй-бүлө институтун бузуу керек!” деп. Муну европалыктар катуу сезип жатабыз. Немис улутунун жок болуп баратканы жашыруун сыр деле болбой калды. Гомосексуалдык мамилелер кеңири жайылып, өзүнчө эле баатырдыкка чейин теңелип, салттуу үй-бүлөлүк мамиле, көзүнө чөп салбоо, ишеним деген түшүнүктөр сүрүлүп жаткандай. Көп балалуу үй-бүлөлөр эскинин саркындысындай көрүнүүдө. Бул өтө коркунучтуу! Анткени бала үй-бүлөдө гана салт менен тарбияланат, улууларды урматтайт, кичүүлөрдү ызаттайт, бири-бирине камкордук көрөт. Тукум улоо – бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эгерде чоочун, жат идеология кирип кетсе, ал улутту курттай жеп кирет, акыры жок кылып тынат.

Бул дарттан Кыргызстанды сактап калгыла, бир боорлорум! Европа кыйсыпыр сала турган заманды 1960-70-жылдары токтото алган эмес: хиппи, панктар, эркин сүйүү деген түшүнүктөр кирип, эч ким эч кимге, эч нерсеге жооп бербей калган. Азыр ошол кездеги жаштардын заманы тукум улап келет… Бул демократия менен эркиндиктин белгилери имиш?! Жок, бул кулчулуктун белгилери! Бул күндүн батканы, цивилизациянын өлгөнү! Үй-бүлөнү баалаган ишеним гана келечек бере алат. Калгандары өзүнөн-өзү жок болот. Силердин өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн каалайм. Салтыңарды, үрп-адатыңарды унутпагыла, тескерисинче, кайра жандандыргыла! Көп балалуу үй-бүлө – Советтер Союзунда баатыр аталган. Бир кезде Германияда дагы ошондой болчу… Колуңарды ылдый түшүрүп, кол шилтеп салбагыла! Эсиңерде болсун, Германияда силерди ойлогон досуңар бар экенин эстей жүргүлө, мен колуман келишимче бул азап менен, бул кылкурт, бул дарт менен күрөшө бермекчимин. Келгиле, жаман адаттар менен чогуу күрөшөлү, жемишин көрөлү – ал жемиш балдарыбыздын, неберелерибиздин, урпактарыбыздын гүлдөгөн өлкөсүндө болсун!” – деп Вальдемар Гердт өз сөзүн бүтүргөн.

Маалымат үчүн белгилей кетсек, Вальдемар Гердт 1962-жылы Казак ССРинде туулган, айыл-чарба институтун бүткөн, колхоздун башкармасы болгон. 1993-жылы үй-бүлөсү менен Германияга кетип, курулуш бизнесинде иштеп жүрүп, 2017-жылы “Германия үчүн альтернатива” саясый партиясынан Бундестагга депутат болуп шайланган. Ал Европарламентке талапкер болуп сунушталган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: