Menu

Фото – Журналист Адилет Айтикеев үч жарым жылдан кийин үй-бүлөсү менен көрүштү

Бөлүшүү:

Атамбаевдик режимден куугунтук жеп, Кыргызстандан чыгып кетип, Америкада иштеп, жашап жаткан “Искра” гезитинин редактору, журналист Адилет Айтикеев кечээ, 7-ноябрда, кесиптик майрамында үч жарым жылдан кийин Стамбул шаарында үй-бүлөсү менен көрүштү.

Балдары менен бактылуу көз ирмемдерди алдыңыздар сунуштайбыз: 

Эске сала кетсек, Адилет Айтикеев 2016-жылы, андагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинде куугунтукталып, Кыргызстандан чыгып кеткен. Бийлик тарабынан куугунтуктоолор күчөгөнүнө байланыштуу мекенинен чыгып кетүүгө аргасыз болгонун кийин айтып берип, себебин түшүндүргөн. Анын айтымында, Минск шаарына барып, Жаныш Бакиевден интервью алып келгенден кийин белгисиз бирөөлөр анын артынан түшүп, телефон чалып: “Кокус башыңа кирпич түшүп кетсе таарынба”, – деп коркуткан. “Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышы аябай начарлап кетти. Мага жасалган кысымдардан кийин, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болдум. Азыр коопсуз жердемин”, – деп Адилет Айтикеев мындан 3 жыл мурда билдирген эле.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: