Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев тез татым жайындагы өрттүн себептерин тыкыр иликтеп, жабыркагандарга зарыл жардам көрсөтүүнү тапшырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине бүгүн Бишкек шаарында кафеде чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги жарылуунун жана андан улам тез татым жайынын өрттөнүүсүнүн себептерин тыкыр иликтеп чыгуу тапшырмасын берди.

Алдын ала маалыматтар боюнча тез татымдагы жарылуудан 13 адам жабыркаган, алардын ичинде 3 бала бар, жабыркагандардын бири (тез татымдын кызматкери) жеринде каза болду.

Үч бала тез жардам кызматы аркылуу Балдардын шаардык ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин кароосунан кийин амбулатордук дарыланууга коё берилди.

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна тогуз адам жеткирилди. Алардын абалы боюнча кошумча маалымат берилет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: