Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган конкурстардын жыйынтыгы боюнча январь-октябрь аралыгында 96 миң 995 конкурс өткөрүлүп, алардын жалпы суммасы 82 млрд 63 млн 485,41 сомду түзгөн. Ушундай маалымат аталган порталда илинип турат.
Түз келишим түзүү боюнча – 38 миң 380 конкурс, суммасы: 8 млрд 592 млн 74 миң 59,3 сом; жөнөкөйлөтүлгөн ыкма менен – 42 миң 614 конкурс, суммасы – 13 млрд 591 млн 243 миң 502,4 сом; бир этаптуу ыкма менен – 15 миң 752 конкурс, суммасы – 59 млрд 467 млн 962 миң 222,3 сом; эки этаптуу ыкма менен – 1 конкурс, суммасы – 1 млн 427 миң 740 сом; башка ыкмалар менен – 106 конкурс, суммасы – 294 млн 911 миң 379 сом.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ