Бакиев, Атамбаевдин бийлигинин тушунда өкүм зордукка барышып, мыкчыгерге айланышкан “өз балдар” азыр кайда жүрүшөт? Алардын качканы качышты, кармалгандары түрмөлөрдө, калганы эл карай албай жүрүшөт го? Мына ошол өткөн чактын алешемдиктери, айбанчылыктары сабак болушу керек…
А учурдагы көрүнүш кандай? Бийликке таянып алышкан «жылдыздар» жок эмес. Төрөбай Зулпукаров менен Аида Касымалиева башкалардан айырмаланышып, пиарщикке айланышканы, булар кеспеген лента, барбаган жолугушуулар деле калган жок. Мончого түшкөнүнөн башкасынын баарын сүрөткө тартышып, соцтармактарга жүктөй беришет. Көрсө, парламенттик шайлоого карай бийликтин партиясынын башында ушулар турушат экен. «Коюн-колтук ичинен» кадр саясатына, бизнес жаатына да тумшуктарын тыгып атышканы жалганбы? Өткөн чагыңарга кайрылып койсоңор не? Булар мындай темп менен урдура беришсе, эртең ажыдаарга айланып кетишпейби? Ар дайым «алакачма» болуп баратышканда тизгинин тартып коюш керек да, болбосо арты жакшылыкка алып барбайт. Жогоруда эскерткендей, мурдагы режимдердеги алдыга озгон «күлүктөрдү» да көргөнбүз, эртең заман өзгөрөт да эй! Ошондо тиги дүйнөгө чейинки деле сурак болот. Кантесиңер?..
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ