Menu

Төрөбаев күнү-түнү мамлекет жөнүндө ойлонуп атып мээсине күч келтирип албайбы?

Бөлүшүү:

12 жылдан бери Жогорку Кеңештин төрүндө олтурган Бакыт Төрөбаев деген эрен 2020-жылдагы шайлоого карата баш көтөрүп, маалымат булактарынан күзүндө «күүгө кирген» текедей бакылдай баштады. Албетте, анын тилин тыя албайбыз, бизде демократия, оозуна келгенди оттосо болот, бирок чындыкка жакыныраак кылып, эл ишенгидей кылып сүйлөбөйбү. Дегенибиз, Төрөбаев оозу-мурдун кыйшайтпай туруп, «Мен бизнесмен эмесмин, мен мамлекетчил адаммын. Мен күнү-түнү мамлекет, эл жөнүндө ойлоном»-деп ыйманын жептир. Ойлоно берип мээсине күч келтирип албаса экен деп бизде жан жок. Башкасын тизмектеп отурбайлы, эгерде Төрөбаев күнү-түнү эмес, жок дегенде бир мүнөт мамлекет жөнүндө ойлонгон адам болгондо, мөңгүнү талкалаган, Каркыраны казактарга кармата берген, кайберенди кырган мыйзамдарга «за» деген добушун бермек эмес. Дагы бир кызыгы, өзүн өтө сабаттуу адам катары сезген Төрөбаев кийинки парламентке сабатсыздар келип калуу коркунучу бар экендигин айтып, «Азыр колхоздун кампасында кароолчу болгондор деле депутат болом деп жатпайбы»-деп тыңсыныптыр. Өткөн шайлоодо «Ар бир айылга МТС курам, жарык шаар кылам»-деп, элдин кулагына «кесме» илип кеткен Төрөбаевге караганда, ошол кампадагы кароолчу болгондор Төрөбаевден төөчөлүк өйдө.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: