2016-жылы Чүй областынын 90 жылдык мааракесинде Бишкек шаарынын мурунку прокурору Нурлан Сулайманкулов деген көпөстүн сүрөтү катуу талкууга алынган. Анда белгилүү болгондой, прокурор мырза жайлоодо өтүп жаткан мааракеде кол чатырды жардамчысына көтөртүп, өзү колду артка алып, бай-манаптардын образында майрамдык кечеге көз салып турганын сүрөттөн көрүүгө болот.
Жамгырда калса, үшүк алып кетчүдөй болгон бул эргул учурунда сүрөттүн айынан кызматынан кол жууган. Кызматтан четтеди деген аты эле болбосо, азыр Кочкор районунда прокурор болуп эмгектенип атат. Орус мүнөз Сулайманкулов Кочкордун шамалына кантип чыдап атат болду экен? Кол чатыр көтөртөйүн десе, шамал учуруп кетип, иш алып барайын десе, кыргыз тилден кыйналып атат го «үлпүлдөк сулуу».
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ