Menu

ИИМ менен ЖАМКнын тиреши

Бөлүшүү:

Эгер участкалык милиционерлер соттолгондордун мыйзам бузганьш өз убагында кабарлап турса, жатак абагынан жаза өтөө мекемелерине которулгандардын саны көбөймөк. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Буга чейин Ички иштер министрлиги тарабынан сөөгү “Манас” аэропортунан табылган кишинин өлүмүнө шектелип кармалгандар жатак-колониясында жазасын өтөп жаткандар экенин, абак жетекчилеринин шалаакылыгынан улам кылмышка жол берилгени маалымдалган. Ал эми ЖАМК бир жылдай ашык убакыт аралыгында соттолгон 74 адам мыйзамды сактабагандыгы үчүн жатак абагынан жаза өтөө мекемесине которулгандыгын кабарлады.

“Эгер ыйгарым укуктуу участкалык милиционерлер кесилгендердин түрдүү былыктарын өз убагында кабарлап турса, жатак абагынан катуу жана жалпы жаза өтөө мекемелерине которулгандардын саны кескин көбөйөт”, — деп ЖАМКдан билдиришти.

Кимдерди жатак абагына которсо болот же болбойт?

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы камактагыларды которуу жобосун да түшүндүрүп берди. Мыйзамга ылайык, төмөндөгү жагдайларда кесилгендер жатак абагына катталат:

• оор эмес, анча оор эмес кылмыштар үчүн жазасынын төрттөн бир бөлүгүнөн көбүрөөгүн өтөсө;

• оор кылмыш жасап өз мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөк убакыт камакта болсо;

• өзгөчө оор кылмышка барса, шарттуу эркинен ажыратьшып бирок кайра мыйзам жоопкерчилигине тартылып камакта өз мөөнөтүнүн үчтөн эки бөлүгүн өтөсө.

Кылмышкер жатак абагына кандай жагдайларда которулбайт:

• өмүр бою эркинен ажыратылса;

• соттолуучу террористтик, экстремисттик мүнөздөгү беренелер менен кесилсе;

• кылмыштуу топ же уюмдун курамына кирип эркинен ажыратылса;

• жашы жете электерге карата оор же өтө оор кылмыш жасаса.

Эркинен ажыратылгандар жаза аткаруу мекемесинин жетекчисине арыз менен кайрылат. Андан соң гана жатак абагына которуу маселесин атайын комиссия карайт.

Азыркы маалда ЖАМКтын атайын комиссиясына 1 413 материал боюнча кайрылуу түшүп, 907 адам жатак абагына которулду.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: