Кечээ, 8-ноябрда, чак түштө, Бишкектин чок ортосунда жайгашкан “Антошка” аттуу тез татым түйүнү жарылып, бир кызматкер кыз каза болгон. Анда жабыркаган балдардын абалы менен Бишкектин Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы таанышты. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, №3 медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына төрт бала жаткырылган, алардын арасында 2, 10, 11 жаштагы үч кыз жана 6 жаштагы бала бар. Бардыгынын абалы туруктуу.
Ошондой эле Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна үч бала жеткирилген. Ал жактагы 12,15 жаштагы балдардын денесинин беш пайызы жана 14 жаштагы баланын терисинин эки пайызы күйгөн. Алардын абалы туруктуу, бирок стационардык дарылоого муктаж.
Эске сала кетсек, кечээ, 8-ноябрда чак түштө, Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Чүй-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Антошка” тез татым түйүнү жарылып, бир кызматкер кыз каза болуп, 13 киши ар кандай жараат алган.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Саламаттык сактоо министрлигине өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү жана жарылуунун, өрттөнүүнүн себептерин тыкыр иликтеп чыгууну тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ