Журналист жана жазуучу Бекен Назаралиевдин буга чейин “Баткен туткуну”, “Кун” аттуу эки китеби жарык көрүп, коомчулукта жылуу пикирлерди жараткан. Китепке карата белгилүү акын-жазуучуларыбыздын ой-пикирлери массалык маалымат каражаттарында жарыяланып келди. Түйшүгү түмөн журналисттик кесип менен көркөм прозаны айкалыштырган Б. Назаралив турмуштук чоң тажрыйбасы бар жазуучу экендигин өз чыгармалары менен ишенимдүү далилдей алды.
Эми, Б. Назаралиевдин өткөн жылы жарык көргөн “Кун” китеби түрк, казак, азербайжан тилдерине которула баштагандыгы маалым болду.
“Ордонун” редакциялык жамааты китепти которуп жаткан чыгармачыл инсандарга ыраазычылык билдирип, Бекен Назараливден мындан ары да мыкты чыгармаларды күтөт.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ