“Даңк”, “Манас” орденинин ээси, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 32-жолу уюштурулуп жаткан турнир 11-13-ноябрда, Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан спортчулары (аял, эркек) келип, катышат. Аталган мелдешти өткөрүүгө спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан 1 миллион 240 миң сом бөлүнгөн.
Төрт уул, үч кыздын атасы Каныбек Осмоналиев 1953-жылы 19-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Бейшеке айылында туулган. 1980-жылы Москвада өткөн оор атлетика боюнча Олимпиадага катышып, алтын медаль тагынган. Андан сырткары, бир топ эл аралык мелдештерде жеңүүчү аталган. Ал 30 жашында чоң спорттон кеткен. Ошондон бери машыктыруучу болуп иштеп келет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ