Menu

12,5 жылга кесилип, эркиндикке чыгарылып, кайра камалаарда жоголгон Алмаматов дагы деле изделип жатыптыр.

Бөлүшүү:

Кайра камалаарда жоголуп кеткен Насирбек Алмаматов изделип жатат. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.

Алардын айтымында, Насирбек Алмаматовду издөө иштери Кыргызстандын бардык аймагында жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, УКМК Насирбек Алмаматовду «автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө (ал автотранспортторду каттоодо, автомектептердин окуучулары сынак тапшырганда күнүгө 100 миң сомго чейин пара алып турган деп айыпталган – авт.) коррупциялык схема түзгөн» деп айыптап, атайын видеотасманы  жарыялаган. Ошонун негизинде ал 2018-жылдын 2-ноябрында кармалып, камалган. Анын баш коргоо чарасын Октябрь райондук соту 25-мартта карап, 12,5 жылга кескен. Бирок Бишкек шаардык соту 9-июлунда ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен аны үй камагына чыгарган. Кийин Октябрь райондук прокуратурасы Бишкек шаардык соттун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз жазган. 30-октябрда Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун чыгарган өкүмүн жокко чыгарып, Октябрь райондук сотунун жарыялаган өкүмүн күчүндө калтырган. Жогорку Соттун чечими менен Н. Алмаматов кайра камалышы керек болчу. Кайра камалаарда ал жоголуп кетип, ага издөө жарыяланган.

Минтип дагы деле издеп, таппай жаткандарына караганда, ал Кыргызстанда жок. Болбосо эмдигиче табылмак да. Кесип, камап, кайра эркиндикке чыгарып, “кайра камайбыз” дегендерине караганда, бу жерде кандайдыр бир саясий оюн жүрүп жаткандай. Айтор, экс-депутат Аскар Шадиевдей болуп чек араны кесип, сууну кечип өтүп кетпесе эле болду… Накта коррупционерлерди ушинтип “качырып” жатышса, анан кантип бизде коррупция ооздукталсын?!

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: