Menu

Фото – Саясаттагы “скорпиондор”

Бөлүшүү:

Скорпион (24-октябрь-22-ноябрь) жылдызында төрөлгөндөр күчтүү характери менен өзгөчөлөнөт. Булар айтылбай турган сырларды сактай алат. Дүйнөнү жакшы жакка өзгөрткөнгө аракет кылган адамдар болуп саналат. Башкалар сынган учурда, скорпиондорду сындыруу мүмкүн эмес. Алар өзгөлөрдөн майтарылбас духу менен өзгөчөлөнө алат. Баштаган ишин аягына чыгарган эмгекчил келишет. Бийлик менен акчаны жакшы көрүшөт. Өзүнүн жылдызы жанчу мезгилди күтүп, учуру келгенде баардык күчү менен аракетке киришет. Зарыл болгон учурда сабырдуу боло алышат. Скорпиондор коркунучтуу душман болуп саналат, каршылашынын күчүнүн эсеби менен кыймылдайт, сатып кеткендерди кечирбейт. Тобокелчиликти жакшы көрөт. Кекти көп убакыт эстен чыгарышпайт, жарашууга көп эмгек менен гана барышат. Бөлөктөргө көп ишенбейт, өз күчүнө гана таянат. Бул адамдардын күчтүү жана алсыздыгы болуп арамза, айлакер болуп чыга келгени эсептелет. Бул белгиде Эразм Роттердамский, Христофор Колумб, Вильям Гершель, Чезаре Ломброзо, Фернандо Магеллан, Индира Ганди, Михаил Ломоносов, Федор Достоевский, Пабло Пикассо, Роман Абрамович, Ванесса Мэй, Билл Гейтс, Диего Марадона сыяктуу дүйнө эли тааныган атактуулар төрөлүптүр.

Кыргыз саясатында дагы “скорпиондор” толтура экен. Биз кыргыз саясатында бирөөнү “чагып”, бирөөгө дос болгон, көп сырдуу “скорпиондордун” кээ бирөөлөрүнө гана токтолобуз.

“Царь скорпион”

Турдакун Усубалиев

(1919-жыл 6-ноябрь)
Мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз ССРин 25 жыл башкарган Турдакун Усубалиев кыргыз саясатындагы “скорпиондордун” улуусу. Башкача айтканда “Царь скорпион”. Усубалиев дагы өлкөнү жакшы жакка өзгөрткөнгө көп аракет кылган. Ал жетекчи болуп турган мезгилде борбор шаарда көп имараттар салынса, азыр күрүлдөп иштеп жаткан ГЭСтер ишке берилген. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон кийин Усубалиев Жогорку Кеңеште депутат болуп эмгектенди. Легендарлуу парламенттин депутаты болуп турганда алтын чырын иликтеп, бийликтин айласын кетирген. Бирок, кези келгенде сабырдуу болуп чыга келген. Бул адам дагы бөлөктөргө көп ишене бербегенин, ар дайым өзүнүн жанына кол дептерин алып жүрүп, кайсыл күнү, кайсыл убакытта ким менен кайсыл темада сүйлөшкөнүн жазып жүргөн деп айтышат. Усубалиевде скорпионго таандык сапаттар болгон десек туура болот.

«Окумуштуу скорпион»

Аскар Акаев

(1944-жыл 10-ноябрь)
Кыргызстандын биринчи президенти, академик Аскар Акаев дагы скорпион. 2005-жылы өлкөдөн куулуп чыккандан бери Россияда жашап, эмгектенип келүүдө. Быйыл 75 жашка толот. Президент болгон алгачкы жылдары демократиялык жүрүштөрдү жасагандыктан “Кыргызстан демократиялык аралча” деп аталган. Кийин авторитардык, үй-бүлөлүк башкарууга жол берип, аягы жакшылыкка алып барбай, революция жолу менен бийликтен куулду. Кыргызстанды дүйнөлүк аренага алып чыгууда эмгеги зор. Бириккен улуттар уюмуна, Эл аралык валюта фонду сыяктуу уюмдарга өлкөнү мүчө кылып киргизе алды. Өзүбүздүн валютабыз сомду Орто Азияда биринчилерден болуп киргизди. Акаевде сабырдуулук, көп учурда эмоцияга алдырбаган, айлакердик сапат бар болчу. Бийлик менен акчаны да жакшы көргөн.

«Сабырдуу скорпион»


Сооронбай Жээнбеков

(1958-жыл 16-ноябрь)

Бүгүнкү ажо Сооронбай Жээнбеков да скорпион жылдызында туулган. Бул адамда дагы скорпионго таандык мүнөздөр бар. Алгачкысы, сабырдуу боло алгандыгы. Өзүнө карата кандай сындар айтылса дагы сабырдуу, токтоо боло алды. Характери күчтүү экенин Алмазбек Атамбаевди дос экенине карабай, мамлекет үчүн кылган кылмыштуу иштерин ачыктап, камаганда көрсөттү. Президенттик мөөнөтүм бүткүчө аймактарды өнүктүрүүнү аягына чыгарам деп аракет кылып, баштаган ишин бүтүрүүгө аракетин жумшоодо. Жылдызы жанчу мезгилди дагы күтө билет экен. Ош облусунда губернатор болуп иштеп жүргөндө күчтүү саясатчы экенин көрсөтпөсө, премьер-министр кезинде башын көтөрбөй иштесе, президенттикке талапкер болуп чыкканда, Жээнбековдун ким экенин көрсөтүп койду. Азыр айланасындагыларга көп ишенбей, акыркы чечимди өзү кабыл алып, арабаны жалгыз тартып жаткандай элес калтырууда. “Чык эшикке” дегени гана болбосо, эмоцияга алдыруу деген жок. Баарын сабырдуулук менен жеңсе болот деген ишеним менен жүргөн адамдай.

«Жалгыз жоокер скорпион»


Бегиш Аматов

(1949-жыл 19-ноябрь)

Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер Бегиш Аматов 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны кайра ордуна коюш керек, болбосо коррупция, мыйзамсыздык токтобойт, андан кийинки бийликтин баары мыйзамсыз деп жүргөн “Жалгыз жоокер”. Аматовдун жылдызы 1991-жылы жанган. Легендарлуу парламентте депутат болуп турган кезинде өзүбүз көз каранды эмес мамлекет болгонубузду жарыялашыбыз керек деп демилге көтөргөн адам. Ушул демилгени парламент колдоп, Кыргызстан 1991-жылы 31-августта көз каранды эмес мамлекет болгонун жарыялаган. Аскар Акаев Бегиш Аматовдун бул эмгегин баалап, өзүнүн иш бөлмөсүнө чакырып, бекем кучактап ыраазычылыгын айткан. Бишкек шаарынан үй белек кылып, 1991-жылы 3-сентябрда өзүнүн Указы менен Улуттук ээлик кылуу фондусунун төрагасынын орун басарлыгына бекиткен. 1994-жылы Акаев парламентти таратып, Конституциялык реформага барганда, Бегиш Аматов каршы чыгып, оппозицияга айланган. Ошондон бери Акаев башында турган топту Конституцияны талкалап, мыйзамсыз бийликти алып келген деп 70 жашка чыгып жатса дагы кечирбей келет.

“Бульдозер скорпион”

Азимбек Бекназаров

(1956-жыл 5-ноябрь)

Эки революциянын “бульдозери” Азимбек Бекназаров 5-ноябрда 63 жашка толду. Бекназаровдо скорпионго таандык болгон сапаттардын көпчүлүгү бар. Бул адам майтарылбас духу, баштаган ишин аягына чыгармайын токтобогон иштермандыгы, душманы менен кантип кармашуу керектигин мыкты өздөштүргөн мыктылыгы, бийликке келген адамдар үчүн коркунучтуу душман болуп чыга алгандыгы, тобокелчилиги, кээде сабырдуу болуп, кээде саясий амалдарды укмуштуудай колдонгону менен өзгөчөлөнөт. Акаев Бекназаровду депутат кезинде камап, сындырууга жасаган аракети ишке ашпаган. Тескерисинче, Бекназаров күрөшүн улантып, революциялык топтун башында жүрдү. Кийин Бакиев менен пикир келишпей, ага да каршылаш болуп чыгып, аягына чейин сатылбай турду. Жакшы көргөн досу Атамбаевге ачуу сын айтып, ага да оппозиция аталды. Азыркы бийлик Малайзияга элчи кылып жөнөтөлү десе, эл алдында Курултайдын отчётун бермейинче кетпейм деп өжөрлөнүп отурат. Бекназаров кайсы убакытта каршылашын чагуу керек экенин жакшы билген скорпион.

“Ханыша скорпион”

Картинки по запросу майрам акаева

Майрам Акаева

(1947-жыл 7-ноябрь)

Майрам Акаеванын мезгилин эстегендер арбын. Ал убакта бийликтин баардык бутагы бир гана “ханыша айымга” кызмат кылып калбады беле. Чиновниктин баары анын оту менен кирип, күлү менен чыгып калган. Акаеванын айтканы эки болчу эмес. Кимди кайсыл орунга коём десе, эч ким тоскоолдук жарата албаган. Ал тургай депутат болмокчумун деп шайлоого аттангандар “ханышанын” көңүлүн алып, ал макулдук берген соң шымаланып чыгышчу да. Бийлик менен акчаны Майрам Акаева баарынан артык көрдү. Ханышанын ушул сапаты Аскар Акаевдин бийлигинин түбүнө жетти. Акаева дагы сатып кеткендерди кечире алчу эмес. Ургаачы скорпион өнөктөшүнө берилгендигин өмүр бою сактай алат экен. Майрам Акаева дагы Аскар Акаевди азыр деле барктап жүрөт. Скорпион айымдар өзүнүн билими, айлакердиги менен коомдо жогорку тепкичте турууга жетишүүгө аракет жасаса, бул Акаевага таандык мүнөз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: