Menu

ӨКМ: “Антошкада» газ баллон жарылган»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ)  “Антошка” тез татым түйүнү жарылып, жалындаган өрттүн себебин жана аянтын билдирди.

Алардын айтымында,  алгачкы маалымат боюнча, аталган ашканада газ баллон жарылган. Өрттүн келип чыгышынын себеби дагы такталып жатат. Ал эми өрттүн аянты болжол менен 100 чарчы метрди түзгөн.

Эске сала кетсек, кечээ, 8-ноябрда чак түштө, Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Чүй-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Антошка” тез татым түйүнү жарылып, бир кызматкер кыз каза болуп, 13 киши ар кандай жараат алган. Анда жабыркаган балдардын абалы менен Бишкектин Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы таанышып, жабырлануучулардын абалын билдирген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү Саламаттык сактоо министрлигине жана жарылуунун, өрттөнүүнүн себептерин тыкыр иликтеп чыгууну тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырган.

Бүгүн, 9-ноябрда «Антошканын» арендатору камалганын Бишкек ШИИБси билдирген. Ошондой эле бүгүн каза болгон кыздын ким экендиги аныкталган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: