Menu

Пара, “доля”, “откат”… тез кат!

Бөлүшүү:

Мамлекеттик кызматтык орундар ачыктан ачык сатылып, базардагыдай эле соодалашып-бааланып, ар бир кызматтык орундун семиз-майлуулугуна жана киреше берүүчү булактарынын байлыгына жараша бааланып келгендиги жаңылык деле эмес. Ал тургай, бул жагдай тээ демократ-президент Аскар Акаевдин тушунда эле терең тамыр жайып, кийинки президенттердин тушунда гүлдөп-өсүп кеткендиги маалым…

Мына, эми чейрек кылымдан соң, ошол мөмөлөрү уулуу болгон даракты картая баштаганда кыйып салуу же түп-тамырынан омкоруп таштап, анын ордуна чыныгы маанидеги жемиштүү боло турган системаны орнотуу аракети жүрүүдө. Айтканга оңой болгону менен да, иш жүзүндө бул жараян катуу тоскоолдуктарга дуушар болуп, жеңил ишке ашпасы – күтүлгөн эле нерсе болчу. Анткени, тээ тереңдеп тамырлап кеткен дебедикпи!..

Азыркы учурда жүрүп жаткан айрымдары финалдык чегине жетип калган көптөгөн коррупциялык кылмыштар боюнча соттук териштирүүлөр дал ушундай кайгылуу ойго салат.

…ТЭЦ боюнча соттогу экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиевдин кечээ жакында айтылган: “Менин долямды бербейсиңби?!” – деген тамашасы экс-энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин адвокатынын ачуусун абдан катуу келтиргенине күбө болдук. Ал бул жерде айтылгандардын баары протоколго түшүп жатат, мындай тамаша сөздөрдү айтпаш керек дегендей маанидеги эскертүү берди.

Чындыгында, коррупциялык схемаларга аралашкан шылуун чиновниктер эбак эле эзоптук тилден да ашып өткөн, карапайым-жөнөкөй адам түшүнө алгыс, каймана маанидеги “кылмыштык тилди” да ойлоп табууга үлгүргөн. 1999-жылдагы Баткен согушунда колго түшкөн япондук геологдорду куткарууга катышкан Турсунбай Бакир уулу – мурдагы акыйкатчы, 20 жыл өткөн соң, айтып жатпайбы: “2 тонна ун” дегени – чынында “2 млн доллар” экендигин мен түшүнбөптүрмүн деп!.. Кечээ жакында эле өкмөт аппаратынын жооптуу кызматкери Бакыт Калмуратов 50 миң доллар пара талап кылууга шектелип, кызматтан кеткени эске түшөт. Ал кеткенден кийин, эки-үч күн өтүп-өтпөй эле, журналисттер жамааты жабыла киришип, бул “жооптуу кызматкердин” азыркы премьер-министр Мукамбеткалый Абылгазиевдин жакын “жандоочуларынын” бири (тээ Соцфонддо Муканбеткалый Абылгазиев төрагалык кылгандан бери) болуп келе жаткандыгын аныкташты. Ошондон кийин гана азыркы премьер-министр Абылгазиев күч органдарына коомчулукка угуза тапшырма берип, “эгерде күнөөсү болсо, катуу жоопко тарткыла!” -дегенге аргасыз болгондой таасир калтырды.

Коомчулукка ачыкка чыкканга чейин, бул чыр өкмөт аппаратында жок дегенде эки-үч күнгө чейин ичтен “кайнап”, акыры ашып-ташып, сыртка “төгүлгөндүгү” көрүнүп турат. Демек, жаап-жашырууга канчалык катуу аракет жасалганына карабастан, “жабылуу аяк жабылуу бойдон” калган эмес. Ошондон кийин да кызматтан тек гана четтетүү (демейде, мындай учурларда “убактылуу четтетилди” деп коюшчу эле?) менен чектелишмек болгон…

Ушуга чейинки бул сыяктуу ондогон кыңыр иштердин тажрыйбасы көрсөтүп тургандай, башка иштерге алаксып, дагы бир аз убакыт өткөн соң, баягы булганган кызматкер өз ишин эч нерсе болбогондой эле уланта берет. Же болбосо, аны кызматтан кетиришсе да, башка бир андан да кем эмес “майлуу” кызматта чокчоюп олтуруп калат. Коомчулукта да бул конфликт эсте калгандары болсо: а-а, сыягы иликтөө болуп, тигил өзүн компрометациялап алган кызматкер ак экендигин далилдеген тура?! – деген сымал түкшүмөлдөр жаралып гана тим болот…

Мындай мисалдарды санай берсек узун тизмеге айланып кетет. Ошондуктан, жакынкы эле учурдагы, али “сүрсүй” элек, чуулгандуу дагы бир фактыны эске салып коёлук. Апрель айында эле ГРСтагы паспорт жасоо тендерине байланыштуу Латвиялык кампаниянын чырына байланыштуу бул агенттиктин төрагасы баш болуп, статс-катчысы, дагы бир орун басары – үчөө камакка алынышкандыгы маалым. Тергөө менен кызматташууга келишим жасашып, статс-катчыдан башка экөө дароо үй камагына чыгып кетишкен. Эч нерсени моюнуна алгысы келбеген статс-катчы Жаныбек Бакчиев гана камакта калган!..

Андан кийин эмне болду? Тергөө иштерине али чекит коюла электе, дагы эле баягы узун кулак жана көрөгөч журналисттердин маалыматтар катуусунан улам, Жаныбек Бакчиевдин эбак эле камактан чыгып, Мамлекеттик кызмат Кадрлар агенттигинде жооптуу кызматта тымызын иштеп жүргөндүгү билинди! Суроо туулат: өтө чырлуу, ири суммадагы коррупцияга шектелип жатышкан жетекчилердин баары тең кантип бошонуп кетишкен? Болгондо да эл аралык кылмыш боюнча шектелип жатышса?.. Дегеле, ушул кылмыш ишине биротоло чекит коюлмайынча (мейли, алар азырынча кылмышкер катары күнөөлөнө элек болушса да), алардын башка бир жооптуу кызматтарда иштегенге моралдык укуктары барбы?!

Кечээ эле ГРСтин сот тарабынан 12 жылга соттолгон дагы бир үлкөн кызматкери – Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовго издөө жарыяланды. Мурда жарыяланган видеодалил элдин эсинен чыга элек: кызматта олтурганда иштебей эле, улам ага акча алып келип бергендердин купюраларын эсептеп, аларды катуудан колу бошобогон бул шылуундун кылмыш ишин Октябрь райондук соту 25-мартта карап, туруктуу коррупциялык кылмыш катары баалап, 12,5 жылга кескен. Бирок, кечээ жакында эле Бишкек шаардык соту 9-июлда ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен, Насирбек Алмаматовду кайра үй камагына чыгарган!..

Коомчулук жана журналисттер жамааты кайрадан чуу көтөрүп жиберишти эле, кийинки соттук инстанция Бишкек шаардык сотунун чечимин жокко чыгарып, Насирбек Алмаматовду кайра камакка алуу тууралуу чечим кабыл алды. Бирок, бул чечим кеч болуп калганда чыккандыгы эми гана аныкталды. Себеби, эбак из жашырып кеткен коррупционерге эми гана – кеч болул калган кезде! – эл аралык издөө жарыяланып олтурат. Дегеле, кылмыштык-соттук өз ара мамилелердеги бул сыяктуу кырдаалга кабылган учурлар да көбөйүп, өзүнчө бир “туруктуу коррупциялык схемага” айланып кеткендиги айкын. Ошондуктан, мурдатан бери убактылуу, же үй камагына бошотулушуп бирок, эбак дайынсыз качып жоголгондордун узун тизмесин тактоо кыйла узак убакытты талап кылат.

Айтор, эзелтен эле акылман кыргыз элинин “Жандоочу кийик аттырат” – деген учкул сөзүн эми “Жандоочу пара алдырат” деп, же “Колдоочуң болсо качырат” деп, азыркы заманбап кырдаалга карата өзгөртүп койсок деле боло берчүдөй чекке жетейин деп калдык окшойт…

Муканбеткалый Абылгазиевдин ишеничтүү кадрларынын бири – Бакыт Калмуратов 50 миң доллар пара чырына байланыштуу кызматтан кеткенин жогоруда жаздык. Өкмөт аппаратында иштеген Бакыт Калмуратов менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрага орун басары Эмил Жамгырчиевдин пара алуу боюнча биргелешкен аракеттери, эң жогорку бийлик эшелонундагы коррупциялык схемалар коррупция менен күрөшүү жүрүп жатса деле, али күчүндө экендигинен белги берет. Ал тургай, бул тирешүү тымызын күч алып, апогейине жете тургандай болуп калгансыйт. Бекеринен ишкер Эмир Эмилканов мурда аларга акча бергени аз келгенсип, эми өз өмүрүнөн кооптонуп турганын айтып чыккан жок да?! Мафиялык-коррупциялык кызыкчылыктар алдыңкы планга чыккан кезде бир киши эмес, ондогон адамдардын өмүрлөрү коркунучта калышы күтүлөт.

Коомчулукта “өрдөк эти” деген ат менен чуу жараткан бул иш эң акыркы кылмыш иши болуп калбасы түшүнүктүү.

Болгону, мындан ары коррупциялык схемалар мындан да кылдат, мындан да жашыруун, мындан да чебер деңгээлдерге өтө башташы мүмкүн…

Биздеги “прокуратура, кылмышкерлер, тергөө органдары жана да өтө эле гумандуу соттор” деңгээлиндеги өз ара тил табышып, ал тургай, ымалалашып, тымызын “жылуу мамилелерге” чейин жетип калышкандыгы ансыз деле ачык байкалууда. Башкасын айтпаганда да, соттордун ичинен пара алуу азайбаганы, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ичинен кылмыш ишин жабууга аралашып, же түздөн-түз кылмыш жасашкандары көп болууда.

Октябрь райондук соту Эрнис Чоткараев 1 миң 350 (бир миң үч жүз элүү) административдик укуктук бузуулар боюнча кылмыш иштерин жок кылгандыгы аныкталган. Чоткараев жүздөгөн административдик кылмыш иштерин атайылап жок кылган соң, азыр Америка Кошмо Штаттарында саясий качкын макамын алууга далалат кылып жүрсө керек!..

Мал жайыттары жана балык чарбачылыгы Департаментинин мурдагы башчысы Бакытбек Макмытканов Айыл-чарба министрлигинде үч ай иштеген соң чыр менен кызматтан четтетилип, кетердин алдында журналисттерге пресс-конференция берип, министрлик жетекчилери өзүнөн пара талап кылышканын билдирди. Министрдин кабылдамасында туруп журналисттерге ачык жарыялаганына караганда, Макмытканов өз кызматын сактап калыш үчүн белгилүү бир өлчөмдөгү пара бериши керек болгон. Туура, бул чиновник да муну пара дебей, өтө “деликаттуу” түрдө, “доля” деп атап, анын өзүнө мурда эле тиешелүү кишилер “доляңды берип койбойсуңбу?” – деп эскертишкенин ачыктады.

Демек, пара-доля-откат ж.б.д.у. с. көптөгөн формадагы кылмыштуу коррупциялык схемалар эбактан бери эле көндүм адатка айланган. Ал эми Айыл-чарба министри Эркинбек Чодуев бул чырдуу кырдаалга али комментарий бере элек. Анын кеңешчиси Асылбек Исаков Мамыткановдун сөздөрүн жокко чыгарып, министрликти коргоого аракет кылды. «Анын айткандарынын баары жалган. Мамытканов кызматтан өз каалоосу менен кеткен. Буга чейин ал сөгүш алган болчу, көптөгөн тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн. Булар тууралуу жакында толук маалымат беребиз»,- деп убадалаган. Ошол бойдон бул министрлик да “жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын” деген аракеттерге өтө баштагандыгы байкалат.

Ал эми жакпаган кызматкерге сөгүш берүү үчүн, ар түркүн себептерди табуудан өткөн оңой эч нерсе жок. “Жаман көргөндүн бөркү казанбактай” деп, кыргыздын эски накылы бекер айтылган эмес да. Ошондон улам, мурда берилип,“аткарылбай калган көптөгөн тапшырмалардын” бири жана да эң маанилүүсү – дал ошол “долябы” (же парабы?!) деген түкшүмөл өзүнөн өзү жаралары турган иш…

Азыркы учурдагы коррупция менен күрөшүү кыйла катуу тоскоолдуктарга дуушар болуп, анча ийгиликтүү ишке ашпай жатканына көптөгөн объективдүү да, субъективдүү да себептер бар экендиги талашсыз. Алардын эң башкыларынын бири -Коомдук-саясий жана да мамлелеттик-административдик системанын (же, жөнөкөйлөтүп айтканда, жалпы эле коомдун) кылмышчыл схемаларга эбак эле чырмалышып, түп-тамырынан бери тереңдеп кеткенинен улам болууда. Албетте, таза иштегендер, аруу идеяларга умтулган күчтөр коомчулукта дайыма болуп келген жана мындан ары да боло берет. Бирок, маселенин баары – алар абдан эле аз жана да жогорудагы арам күчтөргө каршы күрөшүүдө чабалдык кылуусунда болууда.

Бир эле мисалды келтирелик. Мурдараакта бардык министрликтерде, мамлекеттик органдарда коомдук-байкоочу кеңеш дегендер түзүлгөн. Аягы эмне менен бүттү? Алар өздөрү коррупциялашкан элементтерге айланды да калды. “Вор на воре сидит” дегендей эле болду!.. Көрсө аларга деле кандайдыр жеке кызыкчылыктарын көздөгөн шылуундар толуп алышат экен.

Дээрлик бардык деңгээлдерде президенттик бийликтен баштап, эң эле төмөнкү тепкичке чейин, жалпы элдик, мамлекеттик кызыкчылыктар баарынан жогору коюлмайынча, жогорудагыдай абал өкүм сүрүп кала берет. Муну айтыш үчүн көзү ачык болуштун деле кереги жок.

Ишенбек Муртазаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: