Menu

Кой-Таштагы аскер бөлүктө офицер асынып алды

Бөлүшүү:

Чүйдүн Кой-Таш айылындагы № 73809 аскердик бөлүктө кызмат кылган офицер асынып алды. Бул маалыматты Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева ырастады.

Анын маалыматына караганда, окуя бүгүн, 10-ноябрда Кой-Таштагы кызматкерлер жашаган аскер шаарчасында болгон.

– Офицер, майор болчу. Бүгүн эртең менен ал өзү жашаган кызматтык үйдөн денесин таптык. Учурда бул ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Андан тышкары биз да өзүбүз иликтөө иштерин жүргүзүп жатабыз, – деди Жарашева.

4-5-ноябрь күндөрү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан эки жоокер каза болгон. Расмий маалымат боюнча алардын жүрөгү кармап калган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: