Menu

Мурдагы мэрлердин соту уланат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовго, жалпысынан 13 кишиге козголгон кылмыш ишин кароо уланат.

Буга чейинки отурумда, 6-ноябрда соттолуучулардын бири, Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Сталбек Өмүрканов өзүн начар сезип, “Тез жардам” кызматы чакыртылган. Доктурлар ал кардиологго көрүнүшү керектигин айтышкан.

Өмүрканов былтыр да сот учурунда кан басымы 240ка чейин жогорулап кеткенине байланыштуу медициналык жардам алган.

Соңку отурумда Калыс-Ордо конушуна барып, Кытайдын акчасына курулган мектепти жеринен барып көрүү тууралуу өтүнүч келтирилди, бирок судья уруксат берген жок.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: