Menu

Видео – Максим Галкин Путинди тамашалады

Бөлүшүү:

Артист жана теле алып баруучу Максим Галкин Новосибирскте өткөн концертинде орус телеканалдарына совет доору кайтып келгенин, ал эми “оюнда Марсты багындырган” Владимир Путинди орусиялыктар зээриктирип жибергенин айтты.

Анын билдирүүсү Ютубга 3-октябрда эле жайгаштырылган, бирок ММКлар эми гана көңүл бөлүштү. Сибирь.Реалии кабарлагандай, соңку күндөрү аны жарым миллиондон ашык киши көрдү.

https://www.facebook.com/sibrealii/videos/433111704066398/?t=1

– Бизде телеканалдарга совет доору келди. Себеби бизге терең ойлонууга убакыт беришпейт. Бул – душман, ал душман эмес, силер – биякка, алар тиякка деп дароо чечмелеп коюшат. Биз жаакка чабышабы деп коркуп, унчукпай отурабыз. Бирок азырынча жок дегенде концерттерде эмнени кааласаң, ошону айтсаң болот, – деген Галкин.

Артист Орусия президенти Владимир Путиндин дарегине да бир нече сөз айткан:

– Путин биз менен зээригип кетти. Түшүнүп атасыңарбы? Бизде маселе көп, пенсия ойдогудай эмес, ал жакта туура эмес жасалган, бул жакта туура эмес. Ал болсо башкача масштабда ойлонот. Ал оюнда Марсты багындырууда. Биз бул жакта “мындан ары кантип жашайбыз” деп наалысак, ал болсо “Чыдагыла, ичиңерди тарткыла” деп жатат. Биз баарын тартып жатабыз, – деп тамашалаган Галкин.

Алып баруучу Дмитрий Киселёв Галкиндин пикирине макул эмес, ал орус телеканалдарында цензура жок деп эсептейт. Дагы бир тележурналист Артём Шейнин “Галкин эл артисти наамын ала албай калганы үчүн жапа чегип жатканын” айткан.

Галкинди белгилүү орусиялык журналист Владимир Познер гана колдогон. Ал Орусияда саясий багытта баарын айтууга шарт түзгөн телеканал жок экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: