Menu

Кой-Таш окуясы боюнча мамкомиссиянын корутундусу качан каралат?

Бөлүшүү:

7-8августтагы Кой-Ташта болгон тополоңду изилдөө боюнча мамлекеттик комиссия Конституциялык палатанын экс-соту Клара Сооронкулованын пикирин эске алып, азыр корутундунун үстүндө иштеп жатышыптыр. Бул тууралуу 11-ноябрда комиссия мүчөлөрү айтышты. Алардын айтымында, корутундуну жума аягында парламентке киргизип калышат. Клара Сооронкулова өзү жалгыз бул корутундуга каршы добуш берген. Клара айым Атамбаевдинди кармоо боюнча атайын операция өткөрө албай койгондугу үчүн ИИМ менен УКМК жетекечилеринин жоопкерчилигин депутаттар карап чыгышы боюнча пункт киргизүүнү сунуштаган.

“Алгач мамкомиссия менин сунушумду четке кагышкан. Бирок азыр корутунду долбоорун кайра карап, кошумча-алымча киргизип жатышат”, – дейт Клара Сооронкулова.

Эскерте кетсек, премьер-министр 2019-жылдын 7-8-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды изилдөө боюнча мамлекеттик комиссия түзгөн. Анын курамына вице-премъер Жеңиш Разаков, парламент депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: