Азыр Түркмөнстандын дүкөндөрү негизги азык-түлүктөргө таңсык болуп турган кези. Мисалы, Ашхабаддын “Гарагум”, “Элван” жана башка ири дүкөндөрүндө 1-сорттогу ун да сатылбай калган. Бул тууралуу “Хроника Туркменистана” басылмасы жазып чыкты.
Азык-түлүктөр бирдеболуп, бирде болбой жатышы менен, эл арасында “жакынкы арада бардыгы кымбаттайт” деген имиштер тарап, эл колунан келгенинин бардыгын сатып алып жаткан кези. Жумушсуздар мындан акча табуу арактпн көрүп, дүкөндөргө түнкү экилерде келип, кезекке туруп, анан сатып алган азык-түлүгүн эртеси кайра кымбатыраак сатып жаткан кези. Мисалы, 15 жумуртканы 7 манатка сатып алып, кайра 10 манаттан сатышат. Ошондой эле зыгыр май, ун жана тамекини да кайра сатышууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ