Чүй облусунун Ысык-Ата району боюнча мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын сектор башчысы К.Н.ге жана анын кызы А.Н.га карата кылмыш иши тергелип бүтүп, Ысык-Ата сотуна жиберилди. Бул тууралуу 11-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы мамкызматынын пресс-борбору билдирди.
Мурда белгилүү болгондой, быйыл 19-июлда Ж.Н. аттуу жеке ишкер аталган кызматка кайрылып, бизнесин тынч алып жүрүү үчүн көптөн бери салыкчылар 200 миң сом талап кылып жатышканы боюнча арыз жазган. Антпесе, салыкчылар текшерүүнү токтотпой, жүдөтө беришерин, атүгүл өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын айтып берген. Натыйжада 1800 $ алып жаткан жеринен ата-кыз К.Н. менен А.Н. кармалган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ