Мындай маалыматты шаардын жана шаар четиндеги транспорт инфраструктурасына таасир берген факторлорду изилдеген Салтанат Анарбаева билдирди.
Анын маалыматына ылайык, дем алыш күндөрү шаарга каттагандардын саны кескин көбөйөт экен. “Кыязы, эл дем алыш күндөрү азык-түлүк үчүн Бишкекке келишет көрүнөт. Бир жуманын ичинде башкалаабызга 15-20 миң киши келет – булар бир жумага келгендер. Башкача айтканда, алар жекшемби күнү кечинде келип, жума күнү кайра кетишет. Негизинен студенттер”, – дейт изилдөө жасаган айым. Анын айтымында, Чүй облусу менен Бишкек шаарынын ортосунда 100 маршруттук каттам бар. Миңден ашык маршрутка тарабынан Бишкекке 3 миңдей рейс жасалат. Бишкекте алар токтой турган 7 аялдама бар. “Бул тизмеде бардыгы эле магистралдык жолдор менен жүрбөйт. Бирөөсү өзгөчө көзгө урунат: ал – Фрунзе менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилиши. Чүйдүн ар кайсыл бурчунан келгендердин жарымынан көбү дал ушул жерге келип түшөт”, – дейт Салтанат.
Мындан тышкары Бишкекте дагы 6 аялдама бар:
Түндүк-Батыш багыты (Дорожная/БЧК, Пригородное айылы);
Түндүк-Чыгыш багыты (Общезная, Алма-Ата көчөсү);
Чыгыш багыты (Жибек-Жолу/Лермантов көч.);
Түштүк-Чыгыш багыты (Токомбаева/7-апрель көч., Көк-Жар айылы);
Түштүк багыты (Карьерная, Кожобергенов көч., Чоң-Арык айылы);
Түштүк-Батыш багыты (Чамгарак, Муромская көч., Селекционное айылы).
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ