Menu

Кыргызстанга Орусиянын 25 соода түйүнүнүн өкүлдөрү келет

Бөлүшүү:

Бул тууралуу 11-ноябрда “Легпром” (жеңил өнөр жай) ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов “Орусиянын Fashion рыногуна баяндама” аттуу семинарда билдирди.

Анын айтымында, уюштуруучулар кыргызстандык компаниялардын Орусиянын 25 соода түйүнүнүн өкүлдөрү менен В2В форматында жолугушуу өткөрүүнү көздөп турат.

“Мен кечээ базарларды кыдырып, сатуучуларга Орусиядан 25 соода түйүнү келерин айтып жүрдүм. Эл мени түшүнбөй жатышты. Бул ири буюртма берчүлөр экенин айттым. 25 соода түйүнү – бул айына 25 миң буюртма болорун билдирет”, – дейт ал.

“Жеңил өнөр жайдын”  басма сөз кызматы билдиргендей, өкүлдөрдүн тизмеси такталып жатыптыр. Бул кыргызстандык компаниялардын адистешкенине карата такталат. Азыр өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамкомитет кийинки жылдарга карата жеңил өнөр жайы боюнча өнүгүү пргограммасын иштеп чыгып жаткан учуру экен. “Эгер колдон келсе, долбоорлорго финансылык колдоо көрсөтүү жагын да карап жатабыз” , -дейт алар.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: