Menu

Зөөкүр бир туугандардын камактагы мөөнөтү узартылды

Бөлүшүү:

Бишкектен эки адамды аеосуз тепкилеп, сабаган бир тууган ага-ини Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбековдун абактагы мөөнөтү узартылганы бүгүн, 11-ноябрда маалым болду. Бул тууралуу Бишкектеги шаардык сот журналисттерге билдирди.

Алардын айтымында, тиешелүү токтомду Свердлов райондук соту  25-октябрда чыгарган. Учурда №1 тергөө абагында отурган Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбековдун камактагы мөөнөтү ушул жылдын 31-декабрына чейин узартылган.

Эскерте кетсек, 28-августта Ж.Бапышов менен К.Сейитбеков Бишкек шаарындагы “Жал” кичирайонунда, Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанынан эки жигитти аеосуз сабап, кийиздей тепкилегени аз келгенсип, аларга келген Тез жардамга да жолтоо болгон видео сентябрда социалдык тармакка тарап, коомчулуктун каргышына калган. Үрөйдү учурган окуя болгон жерге эки мыкаачынын милиция агасы Казыбек Бапышов жетип барып, аларды алып кеткен. Эки зөөкүргө издөө жарыяланган.

Коомчулуктун катуу сынынан кийин, ИИМ министри К.Жунушалиев бул окуяны өз көзөмөлүнө алган. Ошондон кийин гана иш жылып, 4-сентябрда милициянын майору К.Бапышов (шектүүлөрдүн бир тууган агасы) кызматынан бошотулуп, бир нече кызматкер жазага тартылган.

6-сентябрда, таң эрте Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков милицияга өздөрү келип, колго түшүп берген. Эртеси, 7-сентябрда алардын бөгөт чарасы Свердлов райондук сотунда каралып, эки айга камакка алынып, СИЗО-1ге киргизилген. 10-сентябрда алардын милиция агасы Казыбек Бапышов да кармалып, УКМКнын тергөө бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иши жүрүүдө.

Ага-ини Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков Бишкек СИЗО-1де абакта олтурганда чогуу отургандары менен 19-сентябрда мушташып, таяк жеп, Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунан текшерүүдөн өткөрүлүп, анан N47-абакка (“больничка”) жаткырылган. 21-сентябрда, ага-ини олуттуу жаракат албагандыктан, ооруканадан чыгарылып, кайрадан СИЗО-1ге алынып барылган.

Жабырлануучу Уланбек Белековдун бетине 23-сентябрда операция жасалган. 31 жаштагы Асылбек Молдажиев эс тутумун жоготкон бойдон 9-0ктябрда ооруканадан чыгарылган.

 Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: