Баткенде аткезчилик менен ташылып келаткан товар колго түштү. Баткен облусунун чегарасынан бажычылар 1 млн 200 миң сомдук контробанда кармашты. Бул тууралуу 11-ноябрда Бажы кызматынын баска сөз кызматы билдирди. З.О. аттуу жаран айдаган «Шмитц» аттуу прицепи бар «ВОЛЬВО-FH12» маркасындагы автоунаа токтотулганда, коңшу өлкөдөн документтери жок 20 тонналык коон табылган. Азыр тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ