11-ноябрда ЖКнын комитет жыйынында депутат Сайдулла Нышанов (“Ата Мекен”) өлкөгө кирип жатканда, аэропорттон эле туристтерге 10 $ төлөм киргизүүнү сунуш кылды. Анын айтымында мындай аз төлөм туристтерди качырбайт, ал эми чогулган каражатты туризмди өнүктүрүүгө пайдаланса болот.
2018-жылы Кыргызстанга 7 млн турист келгени айтылган. Быйыл 6 млн турист аталып, бирок расмий так эсеби бериле элек.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ