Menu

Төкмө акын Акжолтой Канат уулу каза болгон жол кырсыгынын чоо-жайы айтылды

Бөлүшүү:

26 жаштагы төкмө акын Акжолтой Канат уулу жол кырсыгынан каза болгону бүгүн эртең менен маалым болгон. Кырсыктын чоо-жайын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бүгүн, 11-ноябрда билдирди.

Алардын маалыматына таянсак, жол кырсыгы 11-ноябрга караган түнү, саат 00:45тер чамасында, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 218-чакырымында болгон. Subaru Impreza үлгүсүндөгү машина Ысык-Көл облусунан Кочкор районун көздөй бара жатып, каршы тилкедеги North benz жүк ташуучу машина менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен төрт адам каза (каза болгондордун арасында Акжолтой Канат уулу да болгон) болуп, бирөө ооруканага жеткирилген. Анын арасында Акжолтой Канат уулунун жубайы да болгон. Жол кырсыгы боюнча катталган материалдар Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, кырсыктан жабыркаган адам Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген. Учурда анын абалы өтө оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Акжолтой Канат уулунун жакындары ал келинчеги менен Кочкор районуна тойго бара жатканын айтышууда. Жанында тамада жана ырчы жигиттер болгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: