Menu

Видео – Өзбекстанда жаңы төрөгөн аялдар полго жаткырылган

Бөлүшүү:

Кашкадарыя облусунун Касан районунда төрөт үйү ремонттон өтүп жатканына байланыштуу октябрдын башында жаңы төрөгөн аялдар ымыркайлары менен бирге бетондолгон полдо жатууга аргасыз болушкан.

«Эркин Европанын» өзбек редакциясына жөнөтүлгөн видео-фотоматериалдарда жерге жууркан-төшөк салып отурган аялдарды көрүүгө болот.

Касан райондук төрөт комплексинин медайымы ремонт иштерине байланыштуу жаңы төрөлгөн аялдар полдо жатканы тууралуу маалыматты тастыктады. Бирок райондогу бириктирилген медициналык борбордун жетекчиси телефон аркылуу айтылгандарды четке какты. Анын билдиришинче, Касан районундагы төрөт үйү ремонт иштерине байланыштуу 2019-жылы 1-октябрдан 20-октябрга чейин жабылган. Бирок гинекология бөлүмүндө атайын төрөт залы уюштурулган.

Быйыл июнь айында Анжиян облусунун Мархамат районундагы төрөт үйүндө да орун жетишпей, жаңы төрөгөн аялдар жерге жаткырылганын тастыктаган сүрөттөр тараган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: