Menu

Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин мамлекеттик визити жана ЖККУ саммитине карата даярдыктардын жүрүшү менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-ноябрда, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы иштер министри ушул жылдын 27-ноябрында Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик визитине карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, Чынгыз Айдарбеков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жыйынына даярдыктардын алкагында аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө билдирди.

Ушул жылдын 28-ноябрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турчу иш-чарага Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын мамлекет башчыларынын жана Армениянын премьер-министринин катышуусу күтүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: