Menu

Салайдин Авазов, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси: «Сапар Исаков ЖЭБди реконструкция кылбаганда, эл тезек терип калмак»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-ноябрда Свердлов райондук соту Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароону улантты. Процесс судья Инара Гилязетдинованын жетекчилиги алдында өтүүдө. Бүгүн «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов суракка алынды.

Мурдагы экс-премьер-министр, айыпталуучу Сапар Исаков Салайдин Авазовго: «Электрдик станциялар» ААКга ТВЕАдан кат келет, ошого даяр тургула”,- деп мен көрсөтмө бердим беле?,- деп суроо узатканда, ал көп нерсе азыр эсинде жоктугун айтты. Аны менен бирге кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен үч жолу жолукканын жана бул иште таза иштегенин баса белгиледи. «Биз таза иштегенбиз. Пара алмак тургай, өкүлдөрү менен түштөнүүгө да барган эмесмин. Мен кытайлар менен үч жолу жолуккам. Эсимде ТВЕА менен иштешүү тууралуу көрсөтмө болгон, анткени алгач нотаны алганбыз. Кийин Сапар Исаков жыйын өткөргөн. Эгер ал ЖЭБди реконструкция кылбаса, эл тезек терип калмак», — деди Салайдин Авазов.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Эксперттердин жыйынтыгы боюнча, «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом зыян алып келген.  Оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, бир топ андагы атка минерлерге кылмыш иши козголгон. Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булардын баарына «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Айыпталуучулар четинен суралууда. 6-ноябрда “Улуттук энергохолдинг” компаниясынын мурдагы төрагасы, айыпталуучу Айбек Калиев суралган. Ага чейин мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев суралып, ал андагы президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы аткарылып турганын ачык эле айтып берген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: