Бүгүн, 11-ноябрда Бишкектеги «Дасторкон» кулинариясын бузулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдиргенине караганда, мэриянын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери «Тазалык» ишканасы менен биргеликте Чүй проспектиси менен 7-апрель көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан «Дасторкон» кулинариясын бузушту. Объект Чыгыш-5 кичирайонун жакшыртуу максатта бузулган. Келечекте ал жерге гүлбакча жана велосипед менен жүрүүчү жол куруу пландалып жатат.
Ал эми «Дасторкондун» ээсинин жубайы Гүлназ Полотбекова кайгырып жаткандарын журналисттерге айтып берген. Анын айтымында, “Дасторкон” Бишкекте эң биринчи ачылган кулинария, иштеп жатканын 21 жыл болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ