Menu

Сапар Исаковдун адвокаты башкы прокурорго арыз менен кайрылды

Бөлүшүү:

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылды. Анда адвокат ЖЭБ боюнча кылмыш ишиндеги айрым документтер атайын алмаштырылып, жасалма жол менен чыгымды көбөйтүү аракети болгонун жазган.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Эксперттердин жыйынтыгы боюнча, «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом зыян алып келген.  Оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, бир топ андагы атка минерлерге кылмыш иши козголгон. Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булардын баарына «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Айыпталуучулар четинен суралууда. 6-ноябрда “Улуттук энергохолдинг” компаниясынын мурдагы төрагасы, айыпталуучу Айбек Калиев суралган. Ага чейин мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев суралып, ал андагы президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы аткарылып турганын ачык эле айтып берген.

Бүгүн, 11-ноябрда «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов суракка алынды. Ага Сапар Исаков суроо берип, жооп алган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: