Бишкекте “Бир Дүйнө-Кыргызстан” кинофестивалынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Алардын айтымында, ачылыш аземине Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева катышып, куттуктап, саясатчыларды фестивалга катышууга жана балдар укуктарына көңүл бурууга чакырган. 13-жолу өтүп жаткан кинофестиваль Балдардын укуктары боюнча БУУнун Ковенциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналып, “Балдар үнү жана тең укуктуулук” деген темада өтүүдө. Фестивалга ондон ашык өлкөдөн келген жыйырмадан ашык даректүү тасма катышууда. Кайсы тасма жеңет болду экен?..
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ