Menu

«Антошка» окуясынан кийин бардык тез татым жайлар текшериле турган болду

Бөлүшүү:

Бишкектеги жарылып, өрттөнүп, бир адамдын өмүрүн алган “Антошка” тез татым жайындагы кырсыктан кийин Бишкектеги бардык тез татым жайлары текшерилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев катуу тапшырма берген. Ал бала бакчаларда, мектептерде, социалдык мекемелерде жана тез татым жайларындагы өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча атайын программа иштеп чыгып, аны 18-ноябрга чейин бүтүрүүнү буйруган. Ошондой эле вице-мэр өрт коопсуздугун жакшыртуу боюнча шаардык бюджеттен жетиштүү каражат бөлүнүп жатканын баса белгилеп, мэриянын финансы башкармалыгына бул маселени тыкыр карап чыгууну өтүнгөн.

Эске сала кетсек,  8-ноябрда чак түштө, Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Чүй-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Антошка” тез татым түйүнү жарылып, бир кызматкер кыз каза болуп, 13 киши ар кандай жараат алган. Анда жабыркаган балдардын абалы менен Бишкектин Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы таанышып, жабырлануучулардын абалын билдирген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү Саламаттык сактоо министрлигине жана жарылуунун, өрттөнүүнүн себептерин тыкыр иликтеп чыгууну тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырган.

9-ноябрда «Антошканын» арендатору камалганын Бишкек ШИИБси билдирген. Ошондой эле бүгүн каза болгон кыздын ким экендиги аныкталган. Ошол эле күнү ӨКМ өрттүн чыгышынын алгачкы себеби жарыяланып, аталган ашкананын ээсине жазында эле эскертүү берилгени айтылды.

11-ноябрда эртең менен ашкананын ээси ұй камагына чыгарылганы маалым болду.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: