Кечээ, 11-ноябрда ЖКнын бүджет жана каржы комитетинин жыйынында депутат Улан Примов (КСДП) бүджеттин кошумча булагы катары казинолорду кайра ачуу керек экен. Ал алыскы аймактарда жайгашып, чет өлкөлүктөрдү тартса болот дейт.
Өкмөт башчы М.Абылгазиев бүджетке кошумча каражат түшүп турганына каршы эместигин, бирок мурда депутаттар казиного тыюу салган мыйзам кабыл алганын эскертти. Анын пикиринде, ача турган болсок, мыйзам кабыл алып, маселе жаралбашы үчүн өлкөнүн жарандары ойной албагандай кылуу керек.
Ал учурда комитетте “2019-жылдагы республикалык бүджет жана 2020-21-жылдарга божомол жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору каралып жаткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ