Бүгүн, 12-ноябрда Ош облусунун айрым аймактарында электр жарыгы берилбейт. Бул тууралуу «Ош электр» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди
Алардын билдирүүсүнө караганда, оңдоо иштерине байланыштуу айрым жерлерде өчүрүлөт. Ош шаарында саат 12.00-14.00го чейин (Кеңеш, Орке, Жапалак, Чурулдай, Тээке, Татар айылдарында), Ош облусунда саат 8.00-17.00го чейин (Катта-Талдык, Ачи, Мады, Беш-Мойнок, Хасанчек, Кыргызчек, Кахраман айылдарында), саат 8.00-11.00го чейин Салам-Алик, Мырза-Аке, Алтын-Булак, Көлдүк, Дөң-Булак айылдарында электр жарыгы болбойт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ