Menu

Текебаев бийликти революция менен коркутту

Бөлүшүү:

Шайлоо системасынын абалы талкууланууда. Бул тууралуу кечээ “Достук” мейманканасында Кыргызстандын аттуу-баштуу саясатчылары чогулуп, шайлоо системасын өткөрүүдөгү жаңы 9 пайыздык босогонун тегерегинде өз ойлору менен бөлүштү. «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы шайлоо системасына жарандар нааразы экенин айтты. Ал бул талкууда сүйлөп жатып өлкөдөгү саясий түзүлүштү шайлоо системасы Дискредитация кылганын билдирип, аны оңдош керек экенин кошумчалады. “Бул бүгүн эл колдоп жаткан жакшы идеяны бийлик колдобосо ал өтпөйт. Бирок бүгүнкү бийлик буга кызыкчылыгы жок. Бийлик эмнеге каршы? Анткени жаңы мыйзам кабыл алынып калса партиядагы талапкерлердин баары жапа тырмак иштейт. Ошентип оппозициялык жана жаш партиялардын шайлоодон
утуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бүгүнкү бийлик деген ким? Бүгүнкү бийлик – Сооронбай Жээнбеков. Ал киши «мен парламентаризмди колдойм. Парламентаризм – негизинен партиялардын ортосундагы атаандаштык система. Аны да колдойм» деп быйыл апрелде айтыптыр. Алтын сөздөр. Колдош керек. Ошондо Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү далилдеген болот. Анткени бул саясий коррупцияга каршы чоң аракет” – деди Текебаев. Ошону менен бирге Текебаев өз сөзүндө бийлик ар дайым элди укпай, аны сыйлабай калганда анын тагдыры революциялар менен аяктаганын да кошумчалады. Эгер шайлоо системасындагы барьерди 5%га чейин түшүрүп койсок, баардыгына бирдей мүмкүнчүлүктөр жараларын, азыркы коомдо жаштар, жаңы жүздөр келсин деген ураандар да өзүнөн өзү ушул система менен жоголорун да айтып өттү.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: